• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош темир жол станциясындагы кырсык иликтенет. "Кыргыз темир жолу" комиссия түздү

Коом 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Оштогу темир жол станциясында 3 цистерна бензин рельстен чыгып, бир адам каза болгон окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерде биринчи мүнөттөн тарта "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын оперативдүү-талаа тобу жана бардык тартылган кызматтар Өзгөчө кырдаалдар министрилигин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 21-декабрда Оштогу "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун" нефтьбазасына жакын темир жол станциясында бензин куюлган 3 вагон темир жолдон чыгып, оодарылып кеткен. кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы бири жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий