• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош - Ысык–Көл - Ош алгачкы авиакаттамы аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Ош-Ысык –Көл-Ош маршруту боюнча алгачкы авиакаттам башталды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту Оштон келген 94 жүргүнчүнү кабыл алган.

Ош - Ысык–Көл - Ош каттамы жумасына эки ирет, жума жана жекшемби күндөрү каттайт. Аларды Кыргызстандын “Tez Jet” авиакомпаниясы аткарат.

Жума:

Учуп келүү- 10:25

Учуп кетүү - 11:30

Жекшемби:

Учуп келүү - 18:10

Учуп кетүү - 19:00

Пикир

Оставить комментарий