• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында “Жибек жолу 2021” көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

Аймак 0

бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Ош шаарында “Жибек жолу 2021” көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына таянсак, Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында Ферагана өрөөнүнүн Агро-Экспо “Жибек жолу 2021” Эл аралык он жетинчи көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат.

Жалпысынан 20га жакын эл аралык компаниялар айыл чарба багытына керектүү жана ар кандай продукцияларын жарманкеге алып чыгышкан.

Белгилей кетсек, көргөзмө-жарманке эртең, 5-мартта жыйынтыкталат. Иш-чара “Жер Азыгы” Кыргызстандын агроишкерлеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий