• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын: Күндүзгү стационарларга эки күндүн ичинде 271 адам кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Нарын шаарынын аймагында ачылган күндүзгү стационарларга эки күндүн ичинде 271 адам кайрылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, күн мурун, 7-июлда Нарын шаарынын аймагында беш күндүзгү стационардык борбор ачылып, иштей баштаган.

"Эки күндүн ичинде кайрылгандардын саны 271ге жетти, алардын ичинен 139 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий