• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ошто 12 жолу жоопко тартылган жаран адам өлүмүнө шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Ош шаарында бөтөлкөлөшүн өлөрчө сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 39 жаштагы Т.Ж. жана 49 жаштагы А.Э., аттуу жаран спирт ичимдигин ичип олтурушкан. Кийин пикир келишпестиктен улам бири-бири менен сөз талашып уруша кетишкен. Натыйжада 39 жаштагы Т.Ж. 49 жаштагы А.Э., аттуу жаранды бир нече жолу уруп, оор жараат алган шеригин күч менен үйүнөн чыгарып жиберген.

Окуяга күбө болгондор тез жардам кызматын чакырышкан. А.Э., аттуу жаран Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алган жараатынан улам бейтап 4-февраль күнү өзүнө келбей каза болгон.

Кылмышка шектүү катары анын бөтөлкөлөш шериги 39 жаштагы Т.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. КРнын Жазык кодексинин 138-берененин 3-1-пункту менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмышка шектүү жарандын баш коргоо чарасы кечээ, 5-февралда Ош шаардык соту тарабынан каралып, эки айга камакка алынган. Иликтөө иштери уланууда.

Кылмышка шектүү жаран мурда 12 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Пикир

Оставить комментарий