• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто абанын булганышын алдын алуу максатында көзөмөл күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев шаардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү менен шаардагы экологиялык абал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында, кышкы мезгилдеги абанын булгануусуна себеп болгон негизги маселелер талкууланып, бул боюнча экологиялык жана техникалык инспекциясы тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берилип, жыйынтыгы чыгарылды.

Соңунда шаар бийлиги тарабынан мектептерде абанын булганышы боюнча тарбиялык сааттарды өткөрүү, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын отканаларынан чыккан түтүндөргө көзөмөлдү жүргүзүү, тазалоочу заманбап фильтрлердин орнотулушу, абага терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү жоюу, турмуш-тиричилик буюмдарды, анын ичинде унаалардын дөңгөлөктөрүн, тигүүчү цехтерден чыккан кездеме калдыктарын жана башка ушул сыяктуу абаны булгоочу буюмдарды жакпоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүп, рейддик иш-чараларды уюштуруу милдеттендирилди.

Эске сала кетсек, 10-ноябрда Ош шаарынын мэриясында аталган темада жумушчу кеңешме өтүп, ага катышкан тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнө түтүн менен күрөшүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүү, шаар аймагындагы соода жайлардын ишмердүүлүгүн талдоо жана тиешелүү экологиялык уруксат кагаздарын текшерүү боюнча тапшырмалар берилген.

Пикир

Оставить комментарий