• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто адам сатуунун алдын алуу боюнча жыйын болду

Аймак 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин отуруму болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, мэриянын тийиштүү бөлүм башчылары, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын, казыяттын, жаштар комитетинин жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, координациялык кеңештин жыл башынан бери адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча аткарган иштери жөнүндө маалыматтар айтылып, кийинки жылдын иш-пландары жана сунуштар талкууланды.

“Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча түзүлгөн координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын” жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар бекитилип ишке ашты.

2018-жылдын 26-майында “Благодать” коомдук фонду менен бирге “Мигрант мектеби” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясынын, КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, шаардык ички иштер, билим берүү жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын, аймактык кеңештердин, кесиптик лицейлердин, Эл аралык миграция уюмунун, коомдук уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп, Кыргызстандын түштүгүндө адамдарды мыйзамсыз кулчулукка алып чыгып кетүүнүн алдын алуу жана эскертүү маселелери талкууланды. Катышуучуларга тематикалык видеоролик, презентациялар көрсөтүлүп, тышкы миграцияга кетүүчү жарандарга өз укуктарын билүүгө, башка мамлекеттердин миграциялык мыйзамдарын сактоого жана кесиптик даярдоого көңүл буруу сунуштары айтылып, иш-план бекитилди.

2018-жылдын 12 айында Ош шаарындагы 13 аймактык кеңештерде жумушчу жыйындар өткөрүлүп, потенциалдуу мигранттарга (жалпы саны 520 адам) атайын түзүлгөн график боюнча жеринде барып юридикалык жана психологиялык кеңештер берилди.

“Мигрант мектеби” долбоорунун алкагында чет өлкөгө эмгек миграциясына кетип жаткан жарандарга чет өлкөдө өзүн алып жүрүү, легалдуу документ жасоо, ишке орношуу, өз укуктарын билүү, адам сатуунун курмандыгы болуп калуунун алдын алуу боюнча жана өз укуктарын коргоо үчүн кайсыл жакка кайрылуу жөнүндө кеңештер берилди.

Ошондой эле, Эл аралык адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, жаштар иштери боюнча комитети, жана “ISEDA” коомдук фонду, “Улыбка” коомдук фонду, менен биргеликте жалпы шаардык деңгээлдеги бир топ иш-чаралар өткөрүлдү”, - деп билдирди Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова.

Пикир

Оставить комментарий