• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "акыркы коӊгуроо" салтанатында коопсуздукту сактоо чаралары мерчемделди

Аймак 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында "акыркы коңгуроо" салтанаты учурунда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сакташат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан жер-жерлерде жол коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу, кырсыктардын алдын алуу боюнча атайын иш мерчем иштелип чыгып, аны аткаруу жетекчилик тарабынан көзөмөлгө алынды:

- бул күндөрү Ош шаарынын аймагындагы иш-чара өтүүчү бардык мектептерге милиция кызматкерлери бөлүнөт, алар расмий иш-чаралар аяктаганга чейин мектептерде коопсуздукту камсыз кылышат. Жол боюна жакын жайгашкан мектептерге кошумча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери коюлат;

- бүтүрүүчүлөрдүн, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мобилдик топтор түзүлүп, алар шаар аймагындагы бардык эс алуу жайларында: парктарда, жашыл зоналарда, кафе-ресторандарда кызмат өтөшөт. Кымбат-баалуу унааларды жалдап алып, жол эрежелерин бузбоосу үчүн алдын ала иш аракеттер көрүлөт;

- окуучуларга, бүтүрүүчүлөргө алкоголдук ичимдиктерди сатпоо боюнча эскертүүлөр берилет. ;

- "акыркы коӊгуроо" салтанаттарына чейин дагы ар бир мектептерде ата-энелер, мугалимдер менен биргеликте коомдук коопсуздукту сактоо, кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт;

- окуучулардын Ош шаарынан сырткары эс алуучу аймактарга чыгышып, кырсыктарга кабыл болбоосу үчүн, алдын алуу максатында шаардын аймагына кирүү-чыгуу көзөмөлгө алынат, атайын мобилдүү посттор коюлат.

Пикир

Оставить комментарий