• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто эки жигит уурдалган 4,7 млн сомду үйүнүн короосуна көмүп койгон. Шектүүлөр кармалды

Аймак 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Ош шаарында эки жигит жеке офистердин биринен уурдалган 4 млн 706 миң сомду уурдап, акчаны үйүнүн короосуна көмүп койгон. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-мартка караган түнү белгисиз адамдар Оштун Алай көчөсүнүн аймагында жайгашкан жеке офистердин бирине уурулукка киришип, андагы сейфте 4 млн. 706 миң сом уурдап кетишкен.

15-март күнү бул кылмышка шектүү катары эки жигит кармалган: 24 жаштагы К.М. жана 27 жаштагы А. А. (мурда каракчылык менен соттолгон).

Акыркысы ошол акча жоголгон компанияда иштеген кызматкери болуп чыкты.

Негизги маалыматты дагы ушул ѳз кызматкери берип, уурулук жасоону дагы пландаган.

Кармалган жарандардан иштетип үлгүрбөй калган. Биринчи шектүүдөн 1 млн 460 миң сом, экинчисинен – 900 мин сом акча алынды.

Милициянын маалыматы боюнча, алар акчаны үй короолоруна көмүп коюшкан. Акчанын бир бөлүгүн жеке кызыкчылыгына жана көңүл ачууга жумшашкан.

Учурда кылмышка шектүү жарандардын үстүнөн уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту аларды абакта эки айга кармоого санкция берди.

Пикир

Оставить комментарий