• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Нарын облусунда 129 энеге "Баатыр эне" ордени берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. 2023-жылы КР президентинин жарлыктарына ылайык Нарын облусунда 129 энеге "Баатыр эне" ордени, 88 энеге "Эне даңкы" медалдары берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов облустагы эң улуу жана эң кичүү "Баатыр энелерге" орден, медалдарды жана өзүнүн белектерин тапшырды.

"Баатыр энелер" менен баарлашуу учурунда облус жетекчиси энелердин коомдогу бийик ордун баса белгилеп, алар тарбиялап өстүргөн уул-кыздарынын келечеги кең болушун тилек кылды.

Белгиленгендей, башка "Баатыр энелерге" сыйлыктары жеринде ыйгарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий