• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Алгач төрага жаңы имаратка жайгашкан комиссия үчүн түзүлгөн шартты көрүп чыгып, андан соң жамааты менен жолугушту.

Жолугушууда Шакиев тил улуттун башкы байлыгы экенин белгиледи.

"Тил жоголсо улут жоголот. Андыктан азыркы ааламдашкан доордо улут катары сакталып калуу үчүн эне тилибизди өнүктүрүшүбүз керек”, – деди төрага.

Ошондой эле былтыр алгачкы жолу конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Аталган мыйзамдын талаптарын аткарууда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга чоң милдеттер жүктөлгөн. Кыргыз тилин үйрөнүүнүн жаңы ыкмаларын, жаңы усулдарын иштеп чыгып, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн коомду жаратуу жаатында алгылыктуу аракеттерди көрөсүздөр деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Андан соң төрага “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине барып, андагы түзүлгөн шарт-жагдай менен жеринде таанышты. Муну менен катар мекеменин жамааты менен да баарлашты.

Өткөн аптада Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинскаяны Жогорку Кеңеште кабыл алганын белгиледи.

“Жолугушууда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, айлык маяналардын аздыгы жана заманбап техникалардын жетишсиздиги тууралуу маселелер айтылган. Ага ылайык, бүгүн Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга керектүү компьютерлерди тапшырдык. Ушундай эле заманбап компьютерлерди жана маалымат иштетүүчү кубаттуу серверди “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине берип жатабыз. Бул жабдуулар мекемелердин ишин жакшыртууга, айрыкча мамлекеттик тилдин макамын көтөрүүгө багытталган иштерди күчөтүүгө өбөлгө түзөт деген үмүттөмүн”, – деди.

Ал эми айлык маяналарды үч эсе көтөрүү демилгеси министрлер кабинетинин төрагасы менен талкуулаганын жана бул демилге жакынкы аралыкта ишке ашарын кошумчалады.

Андан тышкары, баарлашуу маалында аймактардагы мамлекеттик-муниципалдык мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди жеринде тест тапшыртуу үчүн адистерди жана жабдууларды ташууга кичи автобус унаасы керектиги айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе да маанилүү экенин белгилеп, кыска убакытта чечилерин билдирди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасын депутат Жанарбек Акаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев коштоп жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий