• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ошто эпидемиологиялык абал курч. Стационарларда 663 орундук даярдалган

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында эпидемиологиялык абал курч. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жана орун басарлары Бактыбек Алайчиев, Ахмаджан Маххамадов, Ош облустук штабдын мүчөлөрү, район акимдери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышкан жыйын өттү.

Штабдын отурумунда Ош облусундагы бардык райондордо санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов ар бир райондук штаб эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечимдерди кабыл алууну тапшырды. Ошондой эле COVID-19 оорусун алдын алуу үчүн коомдук жайларда, базарларда жана адам көп жайгашкан аймактарда санитардык нормаларды сактоо, жарандарга беткап тагуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин айтты.

“Ош облусунун аймагында эпидемиологиялык абал курч. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 9871 учур (4255 коронавирус, 5616 пневмония ) катталган. Ош облусу “кызыл зонага” киргенден тарта 1-этапта 663 орундук даярдалган. Учурда 294 жаран дарыланып жатат. Эгерде оору көбөйсө, стационарлар ачылып, 1153 орунга көбөйтүлөт. Дары-дармек, коргонуучу каражаттар жетиштүү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий