• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Сокулукта көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Сокулук айылында көлмөнүн жанында 1964-жылы туулган А.С. аттуу эркек кишинин кийимдери табылып, сууга түшүп кетүүсү мүмкүн деген күмөн менен 102 кызматынан маалымат түшкөн.

Бүгүн, 22-июнда жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 6 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий