• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто кафеден 5 млн сом уурдаган 15 жаштагы өспүрүмдөр кармалды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Ош шаарында ири суммада акча уурдаган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын тургундары 2008-жылы туулган Д.М. жана Н.А. кармалышкан. Кылмыштын негизги уюштуруучусу Д.М. жаш болгонунуна карабастан мурда 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Шектүүлөр үстүбүздөгү жылы 22-январда Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан эл көп барган кафелердин бирине түндө терезеси аркылуу уурулукка киришип, жалпы суммасы 5 млн сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкен.

Учурда шектүү балдар Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын тергөө абагында кармалууда жана аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Өспүрүмдөр уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн бекиткен жеринен таап беришти. Бирок аз убакыт ичинеде 480 миӊ сом акчаны өз кызыкчылыгына иштетишип, ар кимге берип үлгүрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий