• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кант шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Кант шаарында Ысык-Ата районунда жаңы форматтагы биринчи калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева жана Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков катышты.

"Жаңы калкты тейлөө борбору келүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ыңгайлуу болуусу үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен жабдылган. Ичинде маалымдама кызматы, нотариус, касса, кенен эки күтүү залы, сүрөт, эне жана бала бөлмөсү бар", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы КТБ имаратын капиталдык оңдоого Ысык-Ата районун өнүктүрүү фонду жана "Инфоком" ишканасынан 8 млн сомдон ашык бөлүнгөн, ал эми 3,5 млн сомдон ашуун каражатка эмерек жана жабдуулар сатып алынган.

Имараттын аянты 614 м2, 80 унаа токтотуучу жай, залдагы орундардын саны 100. Келгендерди жалпы 17 кызматкер тейлет. Дареги - Кант шаары, Ленин көчөсү 97, "Кыргызтелеком" ААКнын имараты.

Пикир

Оставить комментарий