• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто калың тумандан аэропорт жабылды

Аймак 0

Бишкек, 15.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Ош” Эл аралык аэропорту аба ырайына байланыштуу жабык,-деп билдирет "Манас" эл аралык аэропорту" компаниясы.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:30дан бери калың туман байкалып, ага байланыштуу аэропорт убактылуу жабылган.

“Москва жана Иркутсктан келген учактар “Манас” аэропортунун батыш аэродромуна конду. Ошондой эле ички Бишкек-Ош каттамдары кармалууда”,-деп айтылат маалыматта.

Аба каттамдары тууралуу маалыматты "Ош" аэропортунан (03222) 9-01-01 телефону аркылуу билип, тактоого болот.

Пикир

Оставить комментарий