• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Баткенге жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Баткен облусуна жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан, ал эми 301 тонна жарандардын өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Кыргызстандын бардык аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Белгиленгендей, республиканын бардык аймактарында гумжардам чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1.

Эскерте кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунун аймагында жалпы 136 миң 770 адам коопсуз жайга эвакуацияланган, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашкан. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунда 5 миң 301 жаран коопсуз жайга чыгарылган.

Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) иштеп жатат.

Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий