• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош облусунда май куюучу жайлардын өрт коопсуздугун камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Ош облусунда май куюучу жайлардын өрт коопсуздугун камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош облусунун аймагында май куюучу станцияларында өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча алдын ала түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Атап айтканда, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Чоң-Алай райондору боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан аталган райондордо жайгашкан май куюучу жайлардагы өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий