• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто кооптуу аймакта жашап жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Ошто кооптуу аймакта жашап жаткандарга түшундүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу комиссиясынын актысынын негизинде Ош шаарынын "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ленин көчөсүндөгү жана "Манас-Ата" МАБнын, Ош жана Бабараимов көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөр жардын урап кетүү коркунучу бар кооптуу аймак деп табылган.

ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жаз мезгилинде ар кандай өзгөчө кырдаалдардын (сел жүрүү, көчкү жүрүү, урап түшүү, жер титирөө, таш кулоо жана башка) активдешүү процесстеринен адам өмүрүн сактоо жана коопсуздугун алдын алуу максатында жардын урап кетүү кооптулугунан тез аранын ичинде башка коопсуз аймакка көчүү зарыл экендиги тууралуу жеринде эскертме баракчалары таратылды.

Пикир

Оставить комментарий