• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто КР менен Өзбекстан чектеш облустарынын башчыларынын Кеңешинин II жыйыны өтөт

Саясат 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 18-декабрда Ош облусунда өтө турган Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын башчыларынын Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышат. Өзбек делегациясын өлкө Премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңеш 2017-жылдын 5-6-сентябрындагы Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга ылайык, аймактар аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында түзүлгөн.

Кеңештин экинчи жыйынынын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

Пикир

Оставить комментарий