• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто мектеп окуучулары мушташып, 8-класстын окуучусу каза болду

Кырсык 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Ош шаарында мектеп окуучулары мушташып, 15 жаштагы бала алган жаратынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, каза болгон С. А., аттуу бала Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классынын окуучусу.

Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жаш улуу Д.у Н., кармалды.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, балдар мектептен келе жатып, окуу жайга жакын жайгашкан дүкөн алдында өз ара айтышып кеткен. Чырдын натыйжасында, шектүү бала маркумга учту нерсе менен сайып жиберген.

Эске салсак, 28-майда Бишкекте мектеп окуучулары мушташып, 16 жаштагы бала ооруканада каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий