• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто муниципалдык күрөш залы курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23./Кабар/. Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндө муниципалдык күрөш залы курула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Күн мурун калаа башчысы Бакытбек Жетигенов курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, аны сапаттуу жана белгиленген убактысында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Аталган мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 м2 түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий