• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облусунда президент берген 270 млн сомго техникалар сатып алынууда

Аймак 0

Бишкек, 27.12.23./Кабар/. Нарын облусунда КР президенти тараьынан берилген 270 млн сомго техникалар сатылып алынууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустагы 27 ирилештирилген айыл өкмөтүн колдоо максатында президент Садыр Жапаров тарабынан "Нива" үлгүсүндөгү автоунаалар жана ар бир айыл өкмөткө өнүктүрүү үчүн 10 млн сомдон каражат берилген. Учурда бул каражатка айыл өкмөттөрүнө зарыл болгон техникалар алынууда.

"Алсак, бүгүнкү күнгө чейин Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 самосвал КАМАЗ, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 трактор, 1 силос жыйноочу техника, Миң-Булак айыл өкмөтүнө темир тор түйүүчү, токуучу, зым кесүүчү, престөөчү, зым керүүчү жана жүк көтөрүүчү техникалар жана 1 трансформатор алынды,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми башка айыл өкмөттөргө дагы зарыл болгон техникаларды алып келүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий