• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта облус башчысынын балаты майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 27-декабрда Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында Талас облусунун башчысы Бакытбек Нарбековдун балдар үчүн балаты майрамы өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жаңы жылдык майрамга жаш курагы 8-12 жаштагы аз камсыз үй-бүлөлөр, тоголок жетим, жарым жетим балдар, окуунун алдыңкылары, коомдук иштерге активдүү катышкандар, спорттук оюндардын жеңүүчүлөрү, кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды.

“Бүгүнкү балаты майрамында биздин облусубуздун эң мыкты уул-кыздары катышып жатасыздар. Сиздердин жылмаюуңуздар, бактылуу көздөрүңүздөр биз үчүн эң чоң байлык. Ар бир бала балалыктын бактылуу доорун сүрүүгө татыктуу, сиздерге кам көрүү биздин негизги милдет”, - деди облус башчысы Бакытбек Нарбеков өз куттуктоосунда.

Жаңы жылдык иш-чарада Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын актёрлору тарабынан даярдалган “сырдуу дүйнө” жаңы жылдык жомогу жана театралдык оюн-зоок программасы менен коштолду.

“Алтын- Альянс” өнүктүрүү фонду тарабынан Талас районунун көмөкчү интернатына 160 миң сом өлчөмүндө сертификат тапшырылды. Аталган суммада акустикалык система, 2 муздаткыч, 1 түстүү принтер жана 1 компьютер берилет.

Белгилей кетсек, облус башчысынын жаңы жылдык балатысына ар бир айылдан экиден бала, мындан тышкары, Талас шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 60 үй-бүлөдөн бирден, Талас районундагы көмөкчү интернаттын балдары, “Теңир Колдо” реабилитациялык борборунан, президенттин наамына кат менен кайрылган балдар, апрель баатырларынын балдары жана Чалдыбар мектеп интернатынын тарбиялануучулары катышты.

Облус башчысынын атынан чакырылган 500 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий