• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Афганистандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чара эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, коргоо министринин орун басары, Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы Алмазбек Карасартов, Россия Федерациясынын башкы консулдугунун өкүлдөрү, Ооган согушунун, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Белгилей кетсек, Афганистандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин – дээрлик он жылга созулган. Учурда Ош шаарында 349 интернационалист жоокер жашайт.

Пикир

Оставить комментарий