• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто психологдор акысыз үч тилде кеңеш берет — байланыш телефондору

Аймак 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Ошто психологдор акысыз кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде акысыз кеңеш берет.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эгерде сиз учурдагы кырдаалда санаа тартып, кыжаалат болуп, дүрбөлөңгө түшкөн болсоңуз, анда кесипкөй психологдорго кайрылсаңыз болот.

"Биздин жогорку билимдүү, тажрыйбалуу психологдор сиздерге психологиялык кеңештерди акысыз берүүнү чечти. Иш убактысы саат 10.00 -17.00гө чейин. ", -деп айтыла мэриянын маалыматында.

Мэриядан кошумчалашкандай, What's App, messenger тиркемелери аркылуу төмөнкү номерлерге чалсаңыздар болот:

1) Акчач Жолдошева психолог-консультант — 0772702642;
2) Гулипа Борбиева психолог- консультант — 0773843461;
3) Гульнара Онкошова психолог-консультант — 0557175780;
4) Ражопхан Содикова психолог- консультант — 0550202815;
5) Надежда Домашова психолог- консультант — 0555 840109;
6) Наргиза Ештаева психолог - консультант — 0557777405;
7) Рахат Камилова - психолог- консультант — 0555834551.

Пикир

Оставить комментарий