• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Россия ЖОЖдорунун көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 11.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 11нен 16-сентябрга чейин Россиянын алдыңкы окуу жайларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кесип тандоодо – келечегиңди тандайсың” аталыштагы унаан менен билим берүү акциясы өтүүдө.

Акциянын алкагында мектеп бүтүүчүлөрү, студенттер алардын ата-энелери жанан мектеп, ЖОЖдун мугалимдери менен жолугушуулар уюштурулат. Ошондой эле, Россиянын IT-технология, энергетика, машина куруу, нефти, көгүлтүр от, чалгындоо жана пайдалуу кендерди казып алуу, айыл-чарба, курулуш жаатында билим берген окуу жайларынын көргөзмө-жарманкеси болот.

Иш чаранын уюштуруучулары “Биримдик” Коомдук фонду, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана А.Мырсабеков атындагы Ош Гуманитардык педагогикалык институту.

Пикир

Оставить комментарий