• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто өспүрүм кыз асынып каза болду. Туугандары арыз жазуудан баш тартышкан

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде өспүрүм кыз турникке асынып каза болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 21-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында 17 жаштагы кыздын асынып алгандыгы тууралуу билдирүү энесинен келип түшкөн.

“Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге, тактап айтканда, Курманжан датка кичи шаарчасындагы окуу жайлардын спорттук аянтчасына барган. Ал жерде 17 жаштагы Б.А аттуу кыз белгисиз себептерден улам спорттук турникке асынып каза болгону аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Кыздын туугандары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышып, эч кимге арыз доосу жок экенин билдиришкен.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталап, иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий