• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто сууга сүзүү боюнча мелдеш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Ош шаарында 30-июль - Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата “Дельфин” бассейнинде сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ага Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери жана шаар тургундары катыша алат.

Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлөт:

1-тайпа - 25 жашка чейин;

2-тайпа - 35 жашка чейин;

3-тайпа - 40 жашка чейин.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор берилет.

Иш-чара 30-июлда саат 14:00дө “Дельфин” бассейнинде өтөт.

Катышууну каалагандардын табыштамалары (Заявки) 29- июлга чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.

Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1.

Байланыш телефондор: (03222) 2-50-34, 2-76-91.

Пикир

Оставить комментарий