• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Ош шаарында “Түрк тасмаларынын күндөрү” атындагы иш-чара өтүүдө.

Кечээ, 17-сентябрда иш-чаранын расмий ачылышы “Семетей” кинотеатрында болуп, ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фырат, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин, расмий делегациянын курамындагы режиссерлор, актёрлор, кинематография өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Бүгүн, 18-сентябрда "Семетей” кинотеатрында саат 17:00дө “Карышкыр” тасмасы көрсөтүлөт. “Нур” кинотеатрында саат 19:30да “Биздин чемпион” тасмасы коюлат.

Ал эми, 19-сентябрда “Нур” кинотеатрында саат 17:00дө балдар үчүн “Рафадан Тайфа” анимациялык тасмасы көрсөтүлөт. Саат 19:00дө “Биздин чемпион” фильмин көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий