• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто таштандыны иргөөчү атайын урналар орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 18.08.22./Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош-Тазалык” ишканасы 17-августтан тарта тиричилик таштандыларын бөлүп сорттоочу контейнерлер менен чогултуучу стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди.

Маалыматка ылайык, бул участок Араван кичи районундагы Г.Айтиев көчөсүндөгү №11, №13 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулуп, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.

Бул пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат.

Долбоор менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таанышып, анын шаардын экологиялык абалын жакшыртуудагы маанисин белгиледи.

Жалпысынан 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор “Ош-Тазалык” тарабынан өз алдынча ишке ашырылып, калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле мэр жакынкы үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту. Жергиликтүүлөр долбоор боюнча ойлорун билдиришип, ага улай балдар аянтчасын жаңыртып берүүнү суранышты. Бул багытта мэр тарабынан тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жеринде тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий