• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта милиция кызматкерлери окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Таласта милиция кызматкерлери окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүдө, - деп кабарлайт облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас райондук ИИБнин жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлору жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен бирдикте Көк-Ой айылы жана Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Токой айылында орто мектептерде милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын алуу иштерди алып барышууда.

Жашы жете электердин катышуусу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын түзүлгөн иш пландын негизинде өткөрүлүп жатат. Мектеп окуучуларына, айрыкча жаңы баштапкы класстарга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын жолдон коопсуз өтүшү боюнча окутуп үйрөтүүлөрдү өткөрүп жатышат.

"Кандай учурларда жол кырсыгына учурабай өтсө болот. Жолго чыкканда унааларды карап, шашпай этият болуп, чуркабай жай өтүү керектиги айтылды. Себеби, бул мектептер Тараз-Талас-Суусамыр эл аралык унаа жолунун жээгинде жайгашкандыктан унаалар тынымсыз өтүп, кээ бир учурларда катуу ылдамдыкта айдашып, кооптуу кырдаал жаратып коюшат. Жол чырактардын белгиси боюнча дагы үйрөтүүлөр болуп, балдардын суроолоруна жооптор берилди", - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай алдын алуу иштери ар бир орто мектепте уланып, тынымсыз алдын алуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий