• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында окуучуларга өрт коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде “Өрт коопсуздугун алдын алуу" деген темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуучуларга өрт коопсуздугу тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери айтып берди.

Иш-чаранын максаты - өрт кырсыгын алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу, адам өлүмүн болтурбоо, өрт учурунда журум турум эрежелери жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий