• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Президенттин облустардагы өкүлдөрү ысырапкорчулукту жоюунун бирдиктүү жобосун иштеп чыгышат

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Президенттин облустардагы өкүлдөрү ысырапкорчулук жоюу үчүн бирдиктүү жобо иштеп чыгууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен президенттин облустагы өкүлдөрү, муфтият жана казыят кызматкерлери жана аксакалдар менен биргеликте ысырапкерчиликти жоюу жана кыскартуу боюнча онлайн жыйын өттү.

Жыйында президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу үчүн өлкөнүн бардык облустарында маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликти жоюу, той мааракелерди өткөрүүдө айрым ашыкча чыгымдар үчүн чектөө киргизүү боюнча сүйлөшүштү.

Жыйынтыгында президенттин облустагы өкүлдөрүнүн негизинде бирдиктүү жобо иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий