• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө киши колдуу болгон 23 жаштагы жигиттин сөөгү үйүнөн табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Оштун Өзгөн районунда киши колдуу болгон 23 жаштагы жигиттин сөөгү үйүнөн табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милицияга 27-февралда саат 23:35тер чамасында Өзгөн районунун Жыланды айылында 23 жаштагы М.Б. аттуу жигиттин сөөгү өз үйүндө табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Жыланды айылынын Э.Аттокуров көчөсүндө өзүнүн жашаган турак үйүндө алдын ала текшерүүдө 23 жаштагы К. уулу Б. аттуу адам киши колдуу болуп үйүнүн бөлмөсүндө жаткан жеринен табылган. Маркумдун баш бөлүгүндө миздүү кандайдыр бир буюмдан сокку алгандыгы аныкталган.

Маркумдун каза болгон жеринде кароо жүргүзүлүп, окуя болгон үйдөн далил буюмдар алынган.

Сөөккө Ош облустук соттук-медициналык бюросунун экспертинин катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлгөн. Эксперттин айтуусунда, маркумдун баш бөлүгүндө миздүү буюм менен 3-4 жолу сокку болгон.

Сөөк Өзгөн райондук өлүкканасына жеткирилип, жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалган.

Аталган жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кызыл-Кыя шаарында ыкчам иликтөө иштердин жүрүшүндө маркум К. уулу Б.га тийиштүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа табылган жана аны менен кошо уурдалып кеткен маркумдун минген аты табылган. Аларга кароо жүргүзүлүп кылмыш иши боюнча далил буюм катары алынган.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 1-мартта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан мейманканалардын биринен адам өлтүрүп коомчулукта чуулгандуу маселе жаратып өзгөчө оор кылмышка шектелген К. аттуу жаран кармалып, Өзгөн райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда К. аттуу жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын 48 жаштагы И.К. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Шектүү жактоочусунун катышуусунда видеокамераны колдонуу менен окуя боюнча суракка алынып, жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий