• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто тротуарлардын курулушунун сапатына көзөмөл күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Ошо вице-мэр Жасур Азимов шаардагы тротуарларды реконструкциялоо иштерин жүргүзүп жаткан подряддык ишканалардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө тротуар курууда бардык жагдайларга көңүл буруп, ишти учурдагы стандартка ылайык, бекитилген мөөнөттүн негизинде бүтүрүү зарылдыгы айтылды.

"Эң биринчи кезекте сапатка көңүл буруу керек. Кийинчерээк балдарыңызга айтканда балдарыңыз эмгегиңиз менен сыймыктангыдай болушу керек. Конструктивдүү сынды биз да кабыл алабыз. Бирок иш тийиштүү деңгээлде, абийирдүүлүк менен аткарылышы керек”, - деди Ж.Азимов.

Бардык жумуштар аяктагандан кийин тиешелүү кызматтар жана бөлүмдөр тарабынан кабыл алынары айтылды.

Ошол эле учурда алынган эски брусчаткалар Ош шаарынын экинчи катардагы көчөлөрүнө жана квартал ичиндеги жолдорго орнотулары баса белгиленди.

Ж.Азимов тротуарларды реконструкциялоодо тоскоолдуктар (тротуарлардагы электр мамычалары, мыйзамсыз соода объектилери, тосмолор ж.б.) жаралса Ош шаардык жолдор башкармалыгына кайрылуу керектигин айтты.

Жыйындын жыйынтыгында тротуарларды реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды тездетүү, жумуш жүрүп жаткан аймактарда жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшүнө көңүл буруу тапшырылды.

Арзыкулов, Масалиев, Курманжан-Датка көчөлөрүндө кошумча бригадаларды жана атайын техникаларды тартуу менен ишти тездетүү тапшырмасы берилди.

Учурда жалпы узундугу 6 км болгон 8 объектиде (жергиликтүү бюджеттин эсебинен) жумуш аяктады.

Республикалык бюджеттен каржыланган узундугу 22 чакырымды түзгөн 12 көчөдө тротуарларды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы аралыкта иш аяктаган көчөлөр текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий