• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Токтогул районунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук милиция кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте район борборунан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Үч-Терек айыл аймагында профилактикалык иштерди жүргүзүштү.

Алар милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айылдарды кыдырышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришип, сунуштарын угушту.

Мындан сырткары, жарандарга ыңгайсыздык жаратып, тилемчилик менен алектенгендерди аныктоо иш-чарасы болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий