• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жол кырсыктары көбөйүүдө. Бишкектеги авто мектептер текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы “Форсаж сервис”, “Чистая дорога”, “Авто Плюс”, “Дасмия” жана башка автомектептерге текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, жолугушуу учурунда автомектептердин окутуучуларына соңку мезгилдерде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, алардын келип чыгуу себептери айдоочулардын ылдамдыкты так сактабагадыгы жана мас абалында унааны башкаруусу болуп жаткандыгы эскертилди.

Автомектептерде даярдоо сапаты толук кандуу болуусу, курсанттардын окуу процесси үзгүлтүккө учурабай, алардын толук кандуу сабактарга катышуусу жана унаа башкаруудагы чоң жолго практикалардын болуусу айтылды.

Ошондой эле автомектептердин унааларынын техникалык абалы текшерилип, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий