• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Туунун 25 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Бүгүн, 3-март Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун 25 жылдыгына арналган “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаш активисттер келип катышты. Бул тууралуу Ош шарадык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан шаардыктарды куттуктап, бул күн Кыргызстандыктар үчүн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка , ар намыстуулукка үндөп кетем. Ар дайым Кыргызстандын желеги эркиндик үчүн, тынчтык үчүн желбирей берсин”,- деди Н.Кадыров.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш активисттер тарабынан даярдалган концерттик прорамма орун алды. Анда сергек жашоого үнөө менен велосипедисттер туу кармап өтүп, кыргыздын кырк чоросу тууну желпип өлкөнүн эркиндигин даңазалашты. Ошондой эле, флешмоб уюштурулуп, жаштар Кыргызстандын картасын көрсөтө тизилишти.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 25 жыл толду.

Пикир

Оставить комментарий