• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ошто өз үйүндө каза болгон баланын туугандары атасынын кылмышка шектүү эместигин айтышууда

Аймак 0

Ош, 04.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто каза болгон 6-класстын окуучусунун туугандары атасынын баласынын өлүмүнө тиешеси жок дешүүдө. Ош облусунун ИИБнин берген маалыматы боюнча, туугандары өз көрсөтмөлөрүндө окуучу бала достору менен футбол ойноп жүрүп, үйгө көк ала болуп келгендигин айтышкан.

“Файзула болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келген, үстүндөгү кийимдери кир болуп, бети көк ала болгон. Ошондо биз андан эмне болду деп? сураганда, ал футбол учурунда балдар урду деп жооп берген. Биз ага көңүл бурган жокбуз, түн ичинде ал өзүн жаман сезгенде тез жардам чакырдык. Бирок, тилекке каршы ал каза болуп калды. Атасы күнөөлүү эмес, ал өзүнүн баласын сабаган жок”,-деп билдиришти туугандары.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында түнү болжол менен саат 2лер чамасында Шакиров көчөсүндөгү үйгө чакыруу менен тез жардам кызматы келген.

Бөлмөнүн ичинде баланын жансыз сөөгүн көргөн тез жардам кызматкерлери милицияга кабар беришкен. Маркумдун денесинде көптөгөн тактар бар экендиги аныкталган. Учурда ал тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлерине коңшулары билдиргендей, атасы баласын көп зомбулук көрсөтчү.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 46 жаштагы баланын атасы кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин адам ѳлүмүнѳ алып келген денеге оор залал келтирүү боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий