• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто заманбап кыргыз-түрк клиникасы ачылды

Аймак 0

Ош, 22.04.19 /Кабар/. “Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу иш-чаранын алкагында Ош шаарында заманбап, көп тармактуу кыргыз-түрк клиникасынын расмий ачылышы болду.

Клиника Америкадан жасалып алынып келген эң акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган. Эми Кыргызстандын түштүк борборунун жашоочуларына дарылануу үчүн чет өлкөгө баруунун кажети жок, анткени жаңы клиникада жарандарга жогорку сапаттагы медициналык кызматтар көрсөтүлөт. Мекеме офтальмологияга көбүрөөк басым жасайт.

Анын ичинде заманбап лаборатория, бейтаптар үчүн жаңы бөлмөлөр, жаңы жана заманбап хирургиялык жабдыктар, томография жана башкалар бар.

Клиниканын расмий ачылышына эл аралык коноктор, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор, ЖКнын депутаттары, саламаттык сактоонун өкүлдөрү жана жергиликтүү калк катышты.

Пикир

Оставить комментарий