• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.07.23./Кабар/. Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы А.у.К. жана 28 жаштагы Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деген коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп туруусун талап кылышканы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында 29-июнда жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий