• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто ири көлөмдө алдамчылыкка шектелип 54 жаштагы аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Ошто ири көлөмдө алдамчылыкка шектелип 54 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү катары 1968-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну Э.М. аттуу аял кармалды.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2019-жылы шектүү аял Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы тургунуна Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан үйүн 45 миӊ долларга сатып, тил кат жазып берип, бирок үйдүн документтерин кийинчерээк өткөрүп берүүнү убадалаган.

"Бирок ошол эле үйдү дагы бир башка кардарга 2 млн 500 миӊ сомго сатып жиберип, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 43 жаштагы аял тарабынан Ош шаардык сотуна арыз жазылган. Бирок, шектүү сотко дагы келбестен из жашырып кеткен. Натыйжада анын үстүнөн алдамчылык жасагандыгы үчүн издөө жарыяланган.

Шектүү аял 5-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн ал аялдын баш коргоо чарасы каралмакчы. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кармалган жаран мурда алдамчылык жасагандыгы боюнча 5 жолу соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий