• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу Ломоносов мектебинин кошумча имараты окуучуларды кабыл алууга даярдык көрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин кошумча имараты окуучуларды кабыл алууга даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тийиштүү муниципалдык кызматтар менен биргеликте шаардагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына кошумча салынып жаткан 500 орундуу имартаттын курулушуна барып, жүрүп жаткан иштерден дагы кабар алды.

Мектеп-гимназиянын курулушунун тендерин “Бекстрой плюс” компаниясы утуп алып, 2016-жылдын 4-кварталында курулуш иши башталган.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов 20-августта аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугуп, курулуш иштери токтоп калгандыгына байланыштуу, 15-сентябрга окуучуларды кабыл алуу үчүн кошумча имараттын курулушун бүтүрүү талабын коюп, мөөнөт берген.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.

Ал эми айланасын жашылдандыруу, ирээтке келтирүү боюнча иштер октябрга чейин жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий