• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу ЖОЖдо жана мектептерде “тилсиз жоодон сактануу” боюнча окуулар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз-Өзбек университетинин №5 окуу имаратында студенттерге жана окутуучуларга "Өрт коопсуздугунан сактануу" деген темада усулдук окуу өткөрүлдү.

Окуунун катышуучуларына КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын адистери өрт өчүрүүчү унаа жана өрт өчүрүүчү шаймандар көргөзмөсү уюштурулуп, практикалык иш-чаралар көргөзүлгөн.

Бүгүн, 21-сентябрда Ош шаарынын №52 орто мектебинин окуучуларына жана Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттерине өрт коопсуздугунан сактануу жана Жарандык коргонуунун алкагында усулдук окуу өткөрүлүп.

Окуунун жүрүшүндө тилсиз жоодон сактануу эрежелери боюнча кеңири маалыматтар берилип, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан акыркы айларда катталган адам өмүрлөрүн жана чоң материалдык чыгымдарга алып келген кырсыктар мисал катары айтылды.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий