• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун борбордук көчөлөрүнүн бири убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Ошто көпүрөнүн курулушуна байланыштуу Навои көчөсүнүн айрым жери убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү авариялык көпүрөнүн курулуш иштери башталгандыгына байланыштуу, Навои көчөсү Масалиев көчөсүнөн Турусбаева көчөсүнө чейин 2019-жылдын апрель айына чейин жабылат.

Коомдук транспорт Алимжанов жана Турсунбаев көчөлөрү аркылуу каттайт.

Пикир

Оставить комментарий