• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгерлер менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, абалдарын сурады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, шаар мэри дарыгерлерге ден соолук каалап, балдардын жугуштуу ооруулар ооруканасындагы кырдаалды атайын комиссия иликтеп жатканын билдирген.

"Шаар башчысы илдетти жуктуруп алгандарды карап жаткан дарыгерлердин өкүлү менен да байланышып, көйгөйлөрүн укту. Мэр тийиштүү жардамдар өз убагында көрсөтүлөөрүн айтып, ыраазычылык билдирди", - деп кошумчалашты мэриядан.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер. Коронавирустан 39 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий