• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун Түштүк кичи районундагы ички жолдор асфальтталууда

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Туран аймактык башкармалыгында эки ички көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатат.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иштер шаардык жолдор башкармалыгынын 2021-жылга карата иш-планына ылайык жүрүүдө. Тагыраагы Южний кичи районунун Х. Садыков жана Э. Мамадалиев көчөлөрү асфальтталат. Х. Садыков көчөсүндөгү асфальтталуучу жолдун узундугу 150 метр болсо, Э. Мамадалиев көчөсүнөн узундугу 494 метр. Ички жол тар болгондуктан, тротуар курууга шарт болгон эмес.

Аталган көчөлөрдү асфальттоого 15 атайын техника жана 3 бригада жумушчулары тартылган. Жумушту каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий