• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Аймак 0

Ош, 18.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн, мугалимдерин жана ата-энелерин кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган конкурс Астана шаарында 4-7-январь күндөрү өтүп, ага Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Шохжахон Маманазаров менен орус эл аспаптар бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Шайырбек Абдурашит уулу катышып келген.

Жыйынтыгында студенттер конкурстун үч сыйлыгын багындырып келишкен. Студенттердин бири инструменталдык жанрда домрада ойноп 1-орунду, бири аккордеондо 1-орунду багындырышса, домра жана аккордеондо дует аткарышып 1-орунду ээлешкен.

Айтмамат Кадырбаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, маданият жаатындагы алгачкы ийгилик экенин билдирди.

“Бир нече өлкөлөрдүн музыканттарын артка калтырып, шаарыбыздын, мамлекетибиздин намысына жарадыңыздар. Бул жеңиш силердин, мугалимидердин, ата-энелердин эмгегинин үзүрү, шаарыбыздын сыймыгы. Мындан ары да чоң ийгиликтерге жетише бергиле. Ош шаарынын мэриясы силерди ар тараптан колдоого даяр”,-деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана мугалимдерине шаар жетекчиси Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий