• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Күйүп жаткан жүк ташуучу унаа өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.18. /Кабар/. Балыкчы шаарынан алыс эмес жерде Боом капчыгайында “Man” үлгүсүндөгү жүк унаасы күйүп жаткан, өрт толугу менен саат 17:30 өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаадан чыккан өрт саат 17:02 чектөөгө алынган. Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек-Нарын -Торугарт унаа жолунун 145-чакырымында токтоп турган оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан.

Эске сала кетсек, өрт тууралуу билдирүү бүгүн саат 16:27де түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий